Related items
Showing items related by metadata.
-
Poster, bannerПандемия менен күрөшүү фонду (Кыргызстан): Борбор Азиядагы пандемияга даярдык жана "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасынын негизинде жоопту чаралар 2024
Also available in:
No results found. -
Book (stand-alone)Кавказ жана Борбор Азиядагы үйүрлүү чегирткелердин үч түрү боюнча колдонмо
Биологиясы, экологиясы жана жүрүм-туруму
2021Кавказ жана Борбор Азиядагы үйүрлүү чегирткелердин үч түрү боюнча практикалык колдонмо аймактар аралык жана көп тараптан каржыланган 2011-жылдан тартып он өлкөдө: Афганистан, Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан ФАОнун «Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө зыянкеч чегирткелерге каршы улуттук жана аймактык күрөшүүнү жакшыртуу» боюнча программанын алкагында басылып чыккан. Ал италия чегирткесинин Calliptamus italicus (CIT), марокко чегирткесинин Dociostaurus maroccanus (DMA) жана азия көчмөн чегирткесинин (LMI) биологиясын, экологиясын жана жүрүм-турумун камтыйт. Киришүү бөлүмүндө фазалык полифенизм феномени менен кошо чегирткелер жөнүндөгү жалпы маалымат камтылган. Басылма кеңири аудитория үчүн арналган - өсүмдүктөрдү коргоо жана зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча адистерге, изилдөөчүлөргө, студенттерге жана кеңири коомчулукка арналган. -
Book (stand-alone)Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө чегирткеге каршы күрөшүүдө колдонулуучу пестициддердин коркунучун азайтуу боюнча колдонмо 2019
Also available in:
Аталган колдонмодо инсектициддер менен иштөөдө жана аларды чегирткеге каршы күрөшүү кампанияларда колдонуудагы коркунучтар, жана коркунучтарды азайтуу үчүн ишке ашырыла турган чаралар сыпатталган. Колдонмодо чегирткеге каршы эл аралык деңгээлде колдонулуп жаткан эң жакшы практикалар жана ФАОнун башка географиялык аймактарда колдонулуп жаткан жетишкендиктер берилди. Андан тышкары, бул документте КБА өлклөрүндө чегирткеге каршы өткөрүлгөн иштердин чыныгы абалы да камтылды. Колдонмодо чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясына тартылуучу үч түрдөгү персонал каралды: 1 Чечим кабыл алуучулар жана кампанияны уюштуруучулар – башкача айтканда, чегирткеге каршы күрөшү кампаниясын өткөрүүгө чейин. 2 Чегирткеге каршы күрөшүү иштерин аткарган персонал – башкача айтканда, негизинен, чегирткеге каршы кампаниясын өткөрүп жаткан учурларда мыкты практика жана коркунучту азайтуу чаралары боюнча багыт алууга муктаж болгон, топтун жетекчилери, пестициддерди чачууга тартылгандар, айдоочулар жана пестициддерди сактоочу жайлардын башчылары. 3 Мониторинг өткөрүүчү персонал – башкача айтканда, инсектициддерди колдонуу, анын эффективдүүлүгү жана адамдын ден соолугуна тийгизе турган таасири, андан тышкары, чегирткеге каршы күрөшүү иш-чаралардын экологиялык аспектиси боюнча дүйнөдө колдонулуп жаткан жакшы практика боюнча багыт алууга муктаж болгон. Көп учурларда, бул колдонмодо берилген кеңештер жогоруда аталган үч топко тең таандык. Ошого карабастан, жогоруда аталган топтор үчүн кооптуулукту азайтуу чаралары айырмаланат. Колдонмонун структурасы чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясынын негизги кадамдары аркылуу түзүлгөн. Киришүү бөлүмүнөн кийин чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясынын даярдоо этабында кезигүүчү коркунучтарды азайтуу боюнча чаралар каралган. Кийинки негизги бөлүм – чегирткеге каршы күрөшүү чаралары өткөрүлүп жаткан учурда адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасир эте турган коркунучтарды жана аларды азайтуу жолдорун сыпаттайт. Акырында, үчүнчү бөлүм, чегирткеге каршы күрөшүү кампаниясы бүткөндөн кийин бошогон контейнерлерди жана пестициддердин калдыктарын туура утилизациялоону же мониторингден кийинки өткөрүлүүчү иш-аракеттердин сыпатталышын камтыйт.
Users also downloaded
Showing related downloaded files
No results found.